Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-ноябры № 185
« Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI ( чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 156 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI( чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 156 токтомунун аталышына жана I пункттуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Токтомдун аталышына Чокубаев Кабылжан Райымбековичтин арызы жөнүндө деп өзгөртүү киргизилсин.
3. .Мырза-Аке айыл тургуну Чокубаев Кабылжан Райымбековичтин идентификациялык коду 5-06-15-1001 жеке менчик ДЭП-5 ишканасынын түндүк-батыш тарабынан КНИИПтин Оштогу филиалы тарабынан бекитилген башкы планда бала бакча курууга 0.15 га бала бакча багытындагы жерин , Кара-Шоро булак суусун куюу үчүн цех курууга , өнөр жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
4. Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |