Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-августу № 59
«Большевик айылынын тургуну Каримов Давлатбек Назировичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө»
Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый, көрсөтүү даңктоо иштерин жүргүзүүнү өзүнүн планына киргизген. Ушул максатта Большевик айылынын 2018-жылдын 15-июнундагы жалпы жашоочуларынын чогулушунун протоколунун жана Большевик айылынын имамы катары биримдик, ыйман, ынтымакчылыкка чакыруу менен кошкон салымын талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын тургуну, Каримов Давлатбек Назировичке Большевик айылынын жалпы жашоочуларынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
«Каримов Давлатбек Назирович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу деп аталсын.
2. Большевик айыл тургуну Каримов Давлатбек Назировичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн
Төрага | Б.Тургунбаев |