Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу № 60
“Ак-Жар айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын” бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ош облусунун Өзгөн районун Ак- Жар айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан тушкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Ак-Жар айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп Ак-Жар айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Ак-Жар айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Ак-Жар айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо( жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук адам укугун коргоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин
5. Токтом Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган кундон баштап күчүнө кирет.
Төрага | Б.Тургунбаев |
Ак-Жар айылдык аймагынын
Айылдык кеңешинин
2018-жылдын 17-августунда № 60
токтому менен бекитилди
Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айылдык аймагынын
жергиликтүү жамаатынын
Уставы
I. Жалпы жоболо
Жалпы жоболор
1.2. Ушул Устав Ак-Жар айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;
элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча демилгелүү топ – ушул Уставга ылайык элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн, 11 адамдан кем эмес курамдагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топ – айыл аймагында жашаган 15 адамдан ашык жарандардын жалпы кызыкчылыктарынан улам жамааттын муктаждыгын (жергиликтүү маанидеги маселелерди) чогуу иликтеп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча түзүлгөн ыктыярдуу бирикме;
айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топ – Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык айылдын чогулушун же курултайды өткөрүүнү демилгелеген, курамы 13 адамдан аз эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
жергиликтүү жамааттын курултайы – жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо максатында айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;
жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;
жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;
жарандардын чогулушу – бир көчөнүн, кварталдын же айылдын аймагында жашаган жарандардын жыйынында маселелерди талкуулоо жолу менен аларды чечүүгө, алар боюнча сунуштарды жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуу формасы;
коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;
жамааттын муктаждыгын чогуу иликтөө – маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу.
3. Айылдык аймактын территориясы
3.1. Айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2. Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт:
- Ак-Жар;
- Большевик;
- Семиз-Көл;
- Какыр.
4. Айылдык аймактын жергиликтүү жамааты
4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, Ак-Жар айылдык аймакта туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.
4.2. Жергиликтүү жамааттын 18 жаштан жогорку мүчөлөрү жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга таандыктыгына карабастан түздөн түз жана/же алар түзүшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тең укуктуу.
4.3. Жергиликтүү жамаат өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу эл аралык жана республикалык бирликтерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укугу бар.
4.4. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби айылдык кеңештин токтому менен белгиленет.
5. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби
5.1. Кыргыз Республикасынын жаранын Ак-Жар айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айылдык аймакта жашаган жери боюнча каттоодон өтүү фактысы саналат.
5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
5.2. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.
5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:
- ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
- аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- каза болгондо;
-айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.
6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү төмөндөгү укуктарга ээ:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өз ишин профессионалдык негизде (муниципалдык кызматта) ишке ашырууга;
- мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды айылдык кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;
- жамааттын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгеүү топторду түзүүгө;
- инвестицияларды тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууга;
- айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө;
- мамлекеттик сырларга тийиштиги бар маалыматтарды, ошондой эле купуя маалыматтарды (кызматтык сырларды) кошпогондо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын карамагында турган маалыматтарды оозеки же жазуу түрүндө суратып алууга;
- жергиликтүү жамаатка, айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына жана депутаттарга алардын бир жылдагы (же жарым жылдагы) аткарган ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оозеки же жазуу түрүндө кайрылуу жөнөтүүгө;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;
- маалыматтарды эркин алууга (жетүүгө) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иштөө убактысында муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга;
- айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин , муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;
- айылдык чогулуштарга, курултайларга, коомдук угууларга, айылдык кеңештин ачык сессияларына жана айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйналыштарына, ошондой эле айыл өкмөтүнүн жыйындарына жана чогулуштарына, жетекчилеринин макулдугу боюнча муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чогулуштарына катышууга, ал жерде өз пикирин ээн-эркин билдирүүгө жана жергиликтүү маанидеги маслелелер боюнча сунуш киргизүүгө;
- жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;
- жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чарараларга, марафондорго) катышууга;
- өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чараларга, марафондорго) катышууга;
- микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын (общиналар) кеңештери жана комитеттери түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген формаларында түзүүгө;
- жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар сотунун, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;
- жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жеткиликтүү жана жөнөкөй формада жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттары,белгиленген фининсалык мөөнөткө (жарандык боюджет) каратабюджеттин параметрилери, приоритеттери жана чечимдер тууралуу маалымат алууга;
- ушул Уставда жана мыйзамдарда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга;
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
Айыл аймагында жашаган 14 жаштан 18 жашка чейинки жаш жарандар (жаштар), жаштар уюмунун, мектеп парламентинин мүчөлөрү, жаштардын кызыкчылыгын эске алуу максатында, курултай, коомдук угуу, айылык кеңештин ачык сессияларына жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиянын отурумундарына катышууга жана аларда өздөрүнүн оюн эркин билдирүүгө, жергиликтүү маанидеги маселер боюнча (шайланууга, шайлоого, жана добуш берүү укугун эске албаганда) сунуштарын берүүгө үкүктүү.
6.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;
- жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;
- жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;
- этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;
- этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;
- жаратылыш айлана-чөйрөгө, өсүмдүктөргө жана жаныбарларга аяр мамиле жасоого;
- муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоого;
- калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык-ветеринардык жоболорду сактоого;
- мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;
- калктуу конуштун ичинде санитардык жоболорду сактоого жана таштандыларды атайын көрсөтүлгөн жерлерге чыгарууга (мусорный ящиктерге), таштандыларды чыгаруу боюнча эрежелерин сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга;
- калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;
- таза сууну, суугат сууну колдонуу эрежелерин сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга;
- айыл чарбасына жарактуу, муниципалдык, жеке менчикте турган, калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлердин максатуу колдонуусун жана жер пайдалануу эрежелерди, куруу жургузуу жана архитектуранын ченемдерин жана эрежелерди сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга;
- жер пайдалануунун, калктуу конушта жер пайдалануунун жана жакшыртуунун, анын ичинде курулуштун, жашылдандыруунун жана санитардык тазалоонун эрежелерин сактоого жана алардын тартибин бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик алууга;
- менчигинин түрүнө карабастан, физикалык жана юридикалык жактар айылдык аймактын ичинде жашы жете электерге жана түнкүсүн алкоголдук (ичимдик) продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди сатууну чектеген тиешелүү эрежелерди сактоого;
- менчигинин түрүнө карабастан, физикалык жана юридикалык жактар айылдык аймактын калктуу конуштарында же болбосо коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелеринин бузбоого.
(Этникалык, географиялык, салттык жана башка өзгөчөлүктөрүнө ылайык жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери КР мыйзамдарына каршы келбеген шартта жергиликтүү жамааттын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыярына ылайык толукталышы мүмкүн).
6.3. Өз ара келип чыккан талаш-тартыштар боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөру аксакалдар сотуна, айыл өкмөттүн алдындагы администрациялык комиссияга жана сот органдарына кайрылууга укуктуу.
Аксакалдар соту өзүнүн компетенттүүлүгүнө тийиштүү (же ылайык,) жарандардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар боюнча иштерди карай алышат. Аксакалдар сотунун компетенттүүлүгүнө кирген маселелердин тизмеси Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соту жонундо» мыйзамында аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жонундо Кодексине ылайык, айыл өкмөттүн алдындагы администрациялык комиссиянын компетенттүүлүгүнө администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо жана администрациялык жаза коруу чарасын колдонуу укуктары киргизилген.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүлүгү.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана түз катышуусу менен ишке ашырылат.
7.3. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү катышуусу айылдык кеңеш аркылуу жүзөгө ашырылат.
7.4. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга түз катышуусу төмөндөгүдөй формада жүзөгө ашырылат:
- коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маслелелерин жана жергиликтүү маанидеги маслелелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында, курултайларында, ошондой эле коомдук угууларда талкуулоо;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор;
- ченем чыгаруу демилгелерин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүүгө катышуу.
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.1. Ак-Жар айылдык аймактын (айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан жүзөгө ашырат.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдардын аткарылышы боюнча мамлекеттин жана анын органдарынын алдында, өз иштеринин натыйжалары боюнча-жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчилик алып барат.
8.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына, ушул Уставга ылайык келбеген актыларды чыгарууга, ошондой эле конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтирген аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний каршылашууну пропагандалоого жана тутандырууга укугу жок.
9. Айылдык кенеш
9.1. Ак-Жар айылдык кенеши – мыйзамда белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
9.2. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
9.3. Айылдык кеңештин ишинин уюштуруучулук-укуктук формасынын негизи болуп анын сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары саналат. Сессияларды жана жыйындарды өткөрүүнүн тартиби жана алардын мезгилдүүлүгү айылдык кеңештин регламентинде белгиленилет.
9.4. Айылдык кеңештин сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кеңештин регламентине ылайык сессияларга, жыйындарга катышууга укугу бар. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тийиштүү болсо, айылдык кеңештин сессиясы жабык өтөт.
9.5. Айылдык кеңеш сессиянын: жыйындын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга киришине шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү,
9.6. Айылдык кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен туруктуу байланыш түзүүгө, аларды айылдык кеңештин иши жана шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышы тууралуу байма-бай маалымдап турууга милдеттүү. Депутат өзүнө келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, айылдык кеңештин дептутатынын ыйгарым укутарын аткарууга багытталган башка иштерди жүзөгө ашырууга милдеттүү.
9.7. Жергиликтүү кеңештин депутаты жылына эки жолудан кем эмес өзүнүн шайланган участкасында шайлоочуларга өзүнүн иши жана айылдык кеңештин иштери тууралуу шайлоочулардын алдында отчет берүүгө милдеттүү.
9.8. Депутаттын отчету шайлоочулардын талабы боюнча кайсы учурда гана болбосун өткөрүлүүгө тийиш.
9.9. Депутаттын отчету тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын жыйналыштарында же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн башка жыйындарында (чогулуштарында) өткөрүлөт. Депутат өз отчетун өткөрүүнүн убактысын жана ордун жергиликтүү кеңешке жана жергиликтүү жамаатка маалымдайт.
9.10. Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жамааттын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн аныктайт жана аларды отчет үчүн керектүү болгон маалымат берүүчү материладар менен өз учурунда камсыз кылат.
9.11. Шайлоочулардын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
9.12. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
9.13. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби, айылдык кеңештин, анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын ишин уюштуруунун тартиби, депутаттын ыйгарым укуктары жана статусу, депутаттын шайлоочулар менен иштөө тартиби «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгенилет.
10. Айыл өкмөтү
10.1. Айылдык аймакта аткаруу бийилигин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү иштейт.
10.2. Ак-Жар айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Айыл өкмөтүнүн ишин уюштуруунун тартиби, айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен белгиленилет.
10.3. Өз иши боюнча айыл өкмөтү айылдык чогулуштарда (жыйындарда) жергиликтүү жамааттын алдында маалымат берет, айылдык кеңешке жарым жылда бир жолудан кем эмес отчет берет, ал эми өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча - тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
10.4. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, айылдык кеңештин сессияларын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүүгө, ошондой эле шайлоочулардын алдында отчетторун берүүдө көмөк көрсөтөт.
10.5. Айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жана аппаратынын кызматкерлери өзүнүн иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдырына ылайык жүзөгө ашырышат, муниципалдык кызматчылар болуп саналышат. Муниципалдык кызматчылар жетекчи менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектенүүгө укуктуу.. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында партиялык уюмдарды, бирикмелерди жана кыймылдарды түзүүгө жол берилбейт.
10.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын алдындагы администрациялык укук бузууларды жөнгө салуу жөнүндө комиссиянын жумушун уюштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүү (анын ичинде: түзүү, иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аныктоо, бекитүү).
10.7. Айыл өкмөтү жергиликтүү калкты социалдык коргоо боюнча жергиликтүү программанын негизинде жана калкка кошумча кызмат көрсөтүү максатында ошондой эле жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша калкты социалдык коргоо жана кызмат көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди алып барат.
10.8. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердиги боюнча маалыматтарды жалпыга маалымдоо жана жарандарды маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тийиштүү иш-аракеттерди алып барат.
11. Жергиликтүү маанидеги маселелер
11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет жана төмөндөгү иш-аракеттерди аткарат;
1) калкты ичүүчү таза суу менен толук жабдуу, анын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу, жалпы колдонуудагы суу калонкаларын иштешин камсыз кылуу жана аларды колдонуу тартибин иштеп чыгуу, ичүүчү сууну туура колдонуу, акысын төлөө, тарифтерин бекитүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аткарылган жумуштар боюнча маалыматты ачыктоо;
2) айыл ичинде муниципалдык жолдорду ондоо-түздөө, кеңейтүү жана канааттандырарлык деңгээлде иштешин камсыз кылуу;
3) айыл ичинде жана жалпы пайдалануудагы жерлерге, көчөлөргө жарык берүүнү уюштуруу;
4) көрүстөндөрдү тейлөө, аларды көрктөндүрүүнү жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
5) айылдардын ичиндеги жалпы пайдалануудагы жерлерди (көчөлөрдү, парктарды, аянттарды ж.б.) көрктөндүрүү жана жашылдандырууну камсыз кылуу,
6) айыл ичиндеги парктарды, спорттук курулмаларды, балдар ойноочу аянттарды жана дем алуу жайларын куруу, ондоо-түздөө иштерин жүргүзүү жана алардын канааттандырарлык деңгээлде иштешин камсыз кылуу;
7) белгиленген убакыттарда жалпы пайдалануудагы жерлерди, парктарды, спорт аянтчаларын, көчөлөрдү, тротуарларды, арыктарды жарандардын катышуусу менен тазалоону уюштуруу;
8) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну (утилизацияны) уюштуруу, тыюу салынган жерлерге таштанды чыгарган жарандарга тийиштүү администравдик жаза чара колдонуу;
9) айыл ичинде жер пайдалануу эрежелерин белгилөө, генералдык пландарды иштеп чыгуу жана архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
10) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү, спирт ичимдиктерин лицензиясыз сатууга, жашы жете элек өспүрүмдөргө, тийиштүү эмес жерлерде сатууга тыйюу салуу, бул тармакта мыйзам талаптарын бузган жарандарга тийиштүү чара колдонуу;
11) жергиликтүү маанидеги китепканалардын, ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
12) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
13) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу, (балдарды жана жаштарды маданият, кол өнөрчүлүк, билимин жогорулатуу ж.б