Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу № 61
«Какыр айылынын тургуну Максутов Замирге «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө»
Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыщкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү өзүнүн планына киргизген. Ушул максатта Какыр айылынын 2018-жылдын 27-июлундагы жалпы жашоочуларынын чогулушунун протоколунун жана Какыр айылынын тургуну катары элди биримдик, ыйман, ынтымакчылыкка чакыруу менен жана көп жылдык эмгегин баалап, талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылынын тургуну, Максутов Замир Какыр айылынын жалпы жашоочуларынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин «Максутов Замирге Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
2. Какыр айыл тургуну Максутов Замирге «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Тургунбаев |