Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу № 62
«Какыр айылынын тургуну Тагайбеков Медербек Рысбаевичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө»
Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, дащктоо иштерин жүргүзүүнү өзүнүн планына киргизген. Ушул максатта Какыр айылынын 2018-жылдын 27-июлундагы жалпы жашоочуларынын чогулушунун протоколунун жана Ак-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын баалап, Какыр айылынын тургуну катары элди ынтымакчылыкка чакырган сапатын талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылынын тургуну Тагайбеков Медербек Рысбаевич Какыр айылынын жалпы жашоочуларынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
«Тагайбеков Медербек Рысбаевичке Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
2.Какыр айыл тургуну Тагайбеков Медербек Рысбаевичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Тургунбаев |