Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры № 10/1
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29.01. №59-сандуу токтомунун 2-п, менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жыл 23.09. № 571-сандуу “Муниципалдык менчикте турган участокторуна, менчикке ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобону бекитүү тууралуу “ токтомуна өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу Кашка-Жол айыл аймагында 2017-жылдын 20- апрелиндеги № 5/1 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө»
Кара-Кулжа районунун прокуратурасынын 18.09.2018-жылдагы №11-1187-18-сандуу каршылык билдиүүусүнүн негизинде, Кашка-Жол айылдык Кеӊешинин төрагасы Т.Оморовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа районунун прокуратурасынын 18.09.2018-жылдагы №11-1187-18-сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Кашка-Жол айылдык Кеӊешинин 2017-жыл 20-апрелиндеги №5,1-сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2.Кашка-Жол айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага беруу боюнча жер комиссиясынын курамын түpүү жөнүндөгү Кашка-Жол айыл аймагынын 21.09.2018-жылдагы №154-буйругу бекитилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын жер боюнча жетектөөчу адиси А.Ардиновго жана айылдык Кеӊештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Оморов |