Редакцияот 27.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2018-жылдын 27-сентябры № 27/18-1

“Жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын 15.03.2001-жылдагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинни негизинде жана Ананьев айлынын тургуну Казакбаев Эсенбек Сагындыковичтин арызын карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ананьев айлындагы Ленин көчөсүнүн №76 дарегинде жайгашкан жеке менчик 1945м2 жер тилкеси ЕНИ 2-03-11-1001-0735 мечит куруу максатында муниципалдык менчикке өткөзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы Кубат уулу Таалайбекке тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

 

Төрага

Окенаев Т.М.