Редакцияот 27.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2018-жылдын 27-сентябры № 27/18-4

“Талаадагы үлүш жерлерге кирип кеткен малдарга айып пул салуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Административтик Кодексинин № 247-беренесине ылайык жана жер иштеткен дыйкандардын сунушун  карап, талкуулап  Ананьев айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ананьев айыл аймагындагы үлүш жерлерге кирип кеткен бодо малдын бир башына 1000сом, майда малдын бир башына 100 сом өлчөмүндө айып салынсын.

2.    Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчы Кубат уулу Таалайбекке  тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, коомдук бирикмелер менен иш баруу комиссиясына тапшырылсын.

4.    Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын № 7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

 

Төрага

Окенаев Т.М.