Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-апрели № 13/2
«Жекенди айылдык аймагында элдерди жайлоого көчүрүү маселесин кароо жөнүндө»
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагында жаздын эрте келип, күн жылуу болгондугуна байланыштуу элдерди жайлоого көчүрүү 1-майдан 5-майга 2018-жылга, жайлоодон көчүп түшүү 20-сентябрга белгиленсин.
2. Жайлоого өз убагында къчпъгън жана мөөнөтүнөн мурда түшкөн мал жандыктарына төмөндөгүдөй тарифте жазана салуу белгиленсин:
-Жылкыга -500 сом
-Уйга -500 сом
-кой, эчки -200 сом
-Төөгө -500 сом
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл башчылар Т.Кожобеков, М.Галов, С.Жаркынбаев, М.Гапаров, Ж.Козубаевдерге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жекенди айылдык кенешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Маматбековго тапшырылсын.
Төрага | С.Д.Халилов |