Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-апрели № 13/5
«Бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө”
Жекенди айылдык аймагынын башчысы Н.Акматовдун айыл аймагына караштуу Жалгыз-Арча участкасындагы жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап,Жекенди айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 13- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагынын башчысы Н.Акматовдун сунушу эске алынсын.
2. Жекенди айыл аймагына караштуу Жалгыз-Арча участкасынын №1969 контурундагы таштуу жайыт эсебиндеги 1 га жер аянтын «Айыл чарба багытындыгы жерлер» категориясынан «өнөр жайынын,транспорттун байланышты коргоонун жана башка ар түрдүү багыттагы жерлердин» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Жекенди айылдык аймагынын башчысы Н.И.Акматовго жана турак-жай, коммуналдык маселелер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси Ж.Кожобековго милдеттендирилсин.
3. Жалгыз-Арча участкасынан 1 га. таштуу жайыт жер суюктук акыр чикирлерди, таштандыларды жайгаштыруу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жекенди айылдык кеңешинин Агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын башчысы К.Маматбековго тапшырылсын.
Төрага | С.Халилов |