Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-апрели № 9
“Жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине таянып Жайыт комитетинин төрагасынын сунушунун негизинде Жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин: 2018-жылга жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмү:
-Ийри муйуздуу малга –мал башына 60 (алтымыш) сом;
-Кой-эчкилерге-мал башына 12 (он эки) сом;
-Жылкыларга-мал башына 60 (алтымыш) сом;
-Жаш малдарга (тай-торпорк) –мал башына 40 (кырк) сом.
2. Сыртан келген кара мал,жылкы,кой-эчкинин шарттуу мал башына эки эселенген өлчөмдө жайыт акы белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Арынов |