ЖАЛПАК-ТАШ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылыштагы кезексиз 13-сессиясы
2018-жылдын 23-апрели № 9
“Айыл өкмөтүнүн балансындагы жарактан чыккан кызматтык авто унааны эсептен чыгаруу/сатуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамындарына таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасы 2002-жылдан бери тоолуу аймакта жүрүп, пайдаланууга болбой калгандыктан эсептен чыгарып,жаңы кызматтык авто унаа сатып алуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы К.Эралиевдин билдирүүсүнүн негизиинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2002-жылы чыгарылган НИВА үлгүсүндөгү кызматтык авто унаа пайдаланууга болбой калгандыктан айыл өкмөтүнүн балансынан чыгаруу үчүн сатыкка коюлсун жана аны мыйзам чегинде сатуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын .
2. Сатуудан тушкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштөө жана мыйзамдуулукту сактоо ФЭБтин башчысы О.Суранбаевге жүктөлсүн.
3. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылы кошумча түшкөн каражатынын эсебинен жаңы кызматтык авто унаа сатып алуу үчүн акча каражаты каралсын жана авто унаа сатып алуу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Арынов |