Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-апрели № 12
“Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянттарын калктуу конуш жерлердин категориясына которуу жана калктуу конуш болуп кирген жерлерге генералдык план түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз лдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 18-31-беренелерине таянып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун 2-талабына жана Жалпак-Таш айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга карата туруктуу өнүгүүсүнүн планынын 32-пунктунун негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл өкмөтү тарабынан сунушталган төмөдөгү жерлер калктуу конуштун жерлери категориясына (трансформациялоо) которууга сунушталсын;
-Курбу-Таш айылынын Боз-Ала учаскасындагы К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин жаны имаратынын түштүк-чыгыш тарбынан;
-Кысык-Алма айылынын түндук-чыгыш тарабындагы Кара-Шыбак участкасынан;
-Кара-Тарык айылынын чыгыш тарабындагы Бай-Мала участкасынан.
2.Айыл аймагындагы Курбу-Таш,Киров,Ак-Терек айылдарындагы калктуу конуш жерлердин түрлөрү болуп кирген жер аянттарына генералдык план түзүлсүн.
2.Жерлерди калктуу конуш жерлердин категориясына которуу(трансформациялоо) жана генералдык план түзүү үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
3.Жерлерди калктуу конуш жерлеринин категориясына которуу, аларга мыйзам чегинде тиешелуу документтерди даярдоо жана генералдык планды түзүүгө каражат бөлүп,ишке ашыруу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Арынов |