ЖАЛПАК-ТАШ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылыштагы кезексиз 13-сессиясы
2018-жылдын 23-апрели № 13
“КРнын 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүгүү программасында каралаган “Жашыл” долбоордун негизинде отургузулган көчөттөрдү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жоопкерчилигине өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамына ылайык жана 2018-жылдын 18-апрелиндеги Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын Курбу-Таш айылынын тургундары менен болгон жыйындын протоколунун токтомун карап чыгып,айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- КРнын 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүгүү программасында каралган “Жашыл” долбоордун негизинде Курбу-Таш айылындагы көчкү болгон жерлерге уруксатсыз отургузулган көчөттөр көпчүлүк тургундардын суроо-талабына ылайык Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн эсебине алынсын.
- “Жашыл” долбоор программасынын негизинде келген көчөттөрдүн жоопкерчилиги Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилсин жана аны өндүрүү,кароо иштерин жүргүзүү Курбу-Таш айылынын тургундарына берүү сунушталсын.
- Көчкү кесепетинен улам пайда болгон Көк-Чопо участкасындагы көл эч кандай жактарга пайдаланууга берилбесин жана аталган көлгө балык чарбасын уюштуруу,айланысын тосуп, көрктөндүрүү иштерин колго алуу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
- Жогорудагы көлдүн айланасын тосууга,балык чарбасын уюштурууга сметага ылайык жергиликтуу бюджеттен акча каражаты каралсын жана акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп,ишке ашуруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн.