ЖАЛПАК-ТАШ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылыштагы кезексиз 13-сессиясы
2018-жылдын 23-апрели № 14
“Түз-Бел айылына авто унаа оңдоочу жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамына таянып Түз-Бел айылынын жалпы жыйынын токтомунун негизинде Түз-Бел айылына авто унаа оңдоочу жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл аймагынын Түз-Бел айылынын калк жайгашкан аймактан авто унаа оңдоочу жай куруу үчүн 0,10 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Жер тилкесин бөлүп берүү жана курулуш иштерине тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттедирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Арынов Ш |