Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-апрели № 15
“ Курбу-Таш айылына ФАП куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын 18-беренесине таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жер тандоо боюнча комиссиясынын 02.04.2018-жылдагы чечиминин негизинде Курбу-Таш айылында болгон жер көчкүсүнүн алдында калган ФАПтын имаратын кайрадан жаңыдан куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылынын түндүк тарабындагы, 436-контурдун ичинде жайгашкан калктуу конуштан ФАП куруу үчүн 0,08 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. ФАПтын имаратын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Арынов Ш |