Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-сентябры № 16
“Курбу-Таш айылынын Боз-Ала участкасынын тургундарынын “Боз-Ала участкасына “айыл” макамын берүү жана №13 К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө” айылдык кеңешке жазган кайрылуусу жана элдик жыйындын протоколу жөнүндө”
Курбу-Таш айылынын Боз-Ала участкасынын турнударынын “Боз-Ала участкасына “айыл” макамын берүү жана №13 К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин атын “Мадалиев Эшмат” атындагы орто мектеп кылып өзгөртүү жөнүндө” кайрылуусун жана 2018-жылдын 7-сентябрындагы элдик жыйындын протоколун карап чыгып,талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Курбу-Таш айылындагы Боз-Ала участкасы Курбу-Таш айылынын карамагында калтырылсын
2. № 13 К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин аты “К.Калмурзаев атындагы орто мектеп” бойдон өзгөртүүсүз калтырысын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Арынов |