Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-сентябры № 19
“АРИСТин “Айыл чарбасын өнүктүрүү” программасынын алкагында сатылып алынган атайын техниканы (погрузчик) иштетүү үчүн тарифтик өлчөм жана айдоочунун эмгек акысын бекитүү”
АРИСтин “Айыл чарбасын өнүктүрүү” программасынын алкагында сатылып алынган атайын техниканы (погрузчик) иштетүү үчүн тарифтик өлчөмдү жана айдоочунун эмгек акысын бекитип берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушунун негзинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. АРИСтин “Айыл чарбасын өнүктүрүү” программасынын алкагында сатылып алынган атайын техниканы (погрузчик) жергиликтүү тургундарыдын жеке менчик жумуштарын аткаруу үчүн саатына төмөндөгүдөй тарифтик өлчөмдөр белгиленсин:
-топуракты казып,сүрүп тегиздөөгө-саатына 2000 (эки миң) сом;
-таш,шагыл аралашкан топуракты казып тегиздөөгө-саатына 2500 (эки миң беш жүз) сом;
-таштуу жерлерди казуу үчүн- саатына 3000 (үч миң) сом.
2. Ал эми айыл аймагындагы муниципалдык жолдорду,көпүрөлөрдү,өзгөчө кырдаалдарга байланышкан жумуштарды,жайыттарга баруучу жолдорду оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү бюджеттин жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Атайын техниканы иштетүү үчүн айдоочу кабыл алынсын жана айдоочунун эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
4. Айдоочунун эмгек акысына ай сайын 15 000 (он беш миң) сом эмгек акы белгиленсин жана айыл өкмөтү менен эки тараптуу эмгек келишими түзүлсүн.
5. Атайын техниканы максаттуу пайдалануу, техникалык абалына убагында кам көрүү, техниканы айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү тургундардын жеке иштерине жөнөтүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү,айдоочу менен эки тараптуу эмгек келишимин түзүү жана анын эмгек акысын убагында төлөп берүү,техниканы иштетүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |