ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
бешинчи чакырылышынын XI сессиясы
2018-жылдын 16-февралы № XI /1
“Айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 2017-жылдан үнѳмдѳлгѳн акча каражатын пайдалануу жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Терек айылдык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы О. Ажымамбетованын отчету жактырылып, бекитилсин.
2. Бюджеттик бѳлүмүнѳн үнѳмдѳлгѳн 680500 сом акча каражаты, айыл аймагына дем берүүчү гранттын эсебинен салына турган футбол аянтчасынын ѳздүк салымы үчүн 406000 сом, айыл ѳкмѳткѳ компьютердик каражаттарды алууга 70000 сом, 2016-2017-жылдар үчүн Кеңештин тѳрагаларына компенсация берүүгѳ 11500 сом, пескоблок чыгаруучу аппарат алууга 42400 сом бѳлүнүп, калган акча каражаттары тѳмѳндѳгүдѳй беренелерге жумшалсын.
ЖКХ | ||
Мазмуну | Берене | Сумма |
Ар кандай кызмат кѳрсѳтүү | 2215 | 70600 |
Чарбалык чыгымдарга | 2222 | 30000 |
Пескоблок алууга | 3112 | 42400 |
Ѳздүк салым (футбол аянтына) | 3111 | 406000 |
Жалпы: |
| 549000 |
Башкарууга | ||
Иш сапарына чыгуу чыгымы | 2211 | 50000 |
Ар кандай кызмат кѳрсѳтүү | 2215 | 11500 |
Компьютердик каражаттарды алууга | 3112 | 70000 |
Жалпы |
| 131500 |
Баары |
| 680500 |
3. Атайын каражаттын бала бакча бѳлүмүнѳн үнѳмдѳлгѳн 75328 сом, башкаруудан 221 сом акча каражаты тѳмѳндѳгүдѳй беренелерге жумшалсын.
Бала бакчага | ||
Мазмуну | Берене | Сумма |
Азык-түлүк үчүн | 2218 | 45900 |
Чарбалык чыгымдарга | 2222 | 29400 |
Жалпы: |
| 75300 |
Башкарууга | ||
Чарбалык чыгымдарга | 2222 | 221 |
Баары |
| 221 |
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы С.Мыктыбековго милдеттендирилсин.
Тѳрайымы: | Ж. Ажиева |