Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-майы № XII /1
“Талаачылык иштери боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу” мыйзамына ылайык Терек айылдык Кеӊешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаачылык иштер боюнча тарифтер 2018-жылга карата төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- айдоо (кызыр аӊыз) - 1000 сом, 25л май, айдоо (чөп бузса) - 1000 сом, 25л май
- тырмоо - 500 сом, 10л май, чөп тырмоо – 200 сом 5л май,
- себүү - 500 сом, 10л май, мала 500 сом, 10л май, арык тартуу – 50 сом 3л май,
- эгин чабуу -2000 сом, 20 л май, чөп чабуу -1000 сом, 10л май
- кара сугат сугаруу – 1200 сом, чөп, жер сугат- 1000 сом
- чөп тартуу гектарына -300 сом, рейс сечка - 300 сом
- туураган -300с 4л май
- пресс жиби менен -10 сом 10 л май
- жиби жок - 8 сом 10 л май
- эгин тартуу -500 сомдон
- сугат суу үчүн гектарына 100 сомдон (суу үчүн Райондук суу чарба башкармалыгына 50 сом, мурапка 50с)
- талаага жылкы түшсѳ жылкы башына - 200 сомдон айып пул салынсын.
2. Айып пулдан алынган акча каражаты айыл ѳкмѳтүнүн спец.счетуна тѳгүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы С.Мыктыбековго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ажиева |