Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-майы № XII /2
“Таза сууга болгон тарифти бекитүү жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу” мыйзамына ылайык Терек айылдык Кеӊешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга карата таза сууга жан башына айына 20 сомдон алынсын.
2. Айыл ичинде убактылуу үй-бүлѳѳсү менен сыртта жашаган 350 адам таза сууга болгон тѳлѳмдѳн бошотулсун.
3. Короосунан суу чыккан үйлѳр айына 70 сомдон кошумча тѳлѳсүн.
4. Мончосу бар үйлѳр суу пайдалангандыгы үчүн кошумча айына 300 сомдон тѳлѳсүн.
5. Эскватор-трактордун иштѳѳ акысы тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:
- Үйлѳргѳ суу киргизүү метрине - 200 сом
- кум, шагыл жүктѳѳ ЗИЛге – 250 сом, Камазга -600 сом
- арык казуу метри - 15 сом,
- туалет казуу - 800 сом
- планировка жасоо саатына - 500 сом.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Талгат- Кожо - Арык” ИСКАКБсынын төрагасы А.Токтомуратовго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы С. Мыктыбековго тапшырылсын.
Төрайымы : | Ж. Ажиева |