ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Терек айылдык Кеӊешинин XII сессиясы
2018-жылдын 16-майы № XII /3
“Жайыт акы боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жайыт башкаруу” мыйзамына ылайык, Терек айылдык Кеӊешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга жайыт акы төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин.
Кой, эчки - 18 сом
Уй - 90 сом
Жылкы – 100 сом
Топоз - 80 сом
Эшек - 30 сом
2. Погрузчик тракторунун кызматы
Шагыл, топо жүктѳѳ - 250 сом
Кык, таштанды жүктѳѳ- 200 сом
Түздѳѳ иштерин жүргүзүүгѳ – 1300 сом (саатына)
Арык казуу метрине – 15 сом
3. Трактористке айлык акы катары трактордун иштеп тапкан акчанын 30% ти келишимдин негизинде тѳлѳнүп берилсин.
4. Жасалма уруктандыруу – 500-1500 сом болуп бекитилсин.
5. Буканын кызмат кѳрсѳтүүсү жайкы мезгилге 200 сом, кышкы убакка 500 сом.
6. Бада акысы Арпага жайлоосуна 40 сом, Орто-Сырт жайлоосуна 35 сом.
7. Малчылырдын көчүп-конуу графиги
Орто жайлоого - 10-апрелге чейин
Орто-Сыртка - 10-июнга чейин
Арпага - 10- июнга чейин
Күзгү көчүп келүү 10-октябрь
Күзгү жылкы тосуу - 1-сентябрдан 10- октябрга чейин түзүлгөн графиктин негизинде тосуу жагы белгиленсин.
8. Купка салуу 6 сомдон мал башына, аренда акы учун мал башына 1 сомдон жайыт комитетине тѳгүлсүн.
9. Кой кыркын мал башына 30 сомдон, аренда акы үчүн мал башына 5 сомдон жайыт комитетине тѳгүлсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Кожоевга милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы С. Мыктыбековго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ажиева |