Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-майы № XII /5
“Муниципалдык менчиктеги мүлктѳрдү коомдук пайдаланууга берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикти башкаруу” мыйзамына ылайык Терек айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигинде турган 18386 га жайыт жери, курулмалар (мал тейлѳѳ комплекси, Беккари чуңкуру), техникалар ( XD -950 фронтальный погрузчик, мотоцикл), офистик мебелдер жана компьтердик жабдуулар “Жоо-жүрѳк” жайыт пайдалануучулар бирикмесине коомдук пайдаланууга жана башкарууга келишимдик негизде ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Жабдууларды оң абалда кармоо жана тураа ѳз максатында пайдаланып башкаруу жайыт комитетинин тѳрагасы Т.Кожоевга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы С. Мыктыбековго тапшырылсын.
Төрайымы : | Ж. Ажиева |