ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Терек айылдык Кеӊешинин XII сессиясы
2018-жылдын 16-майы № XII /6
“Өздүк салымга акча каражатын которуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык жана Терек айылдык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин киреше бѳлүгүнѳ жайыт акыдан түшкѳн акча каражаты “Мал чарбасын жана рынокту ѳнүктүрүү - 1 " долбоорунун 4 - траншынын негизинде келе турган “Терек – Сайдын жээгин бекемдѳѳ” долбоорунун ѳздүк салымын тѳлѳгѳ толугу менен которулуп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы финансы экономика бѳлүмүнүн башчысы О. Ажымамбетовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл ѳкмѳт башчысы С. Мыктыбековго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Төрага | Ж. Ажиева |