Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIV кезексиз сессиясы
2018-жылдын 13-июлу № XIV /1
«Терек айыл ѳкмѳтүнүн 2019-2020-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жѳнүндѳ»
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык Депутаттардын Терек айылдык Кеӊешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин киреше бѳлүгүнүн долбоору 2019-жылга- 6249,8 миң сом, 2020-жылга- 6570,2 миң сомго, 2021-жылга- 6847,7 миң сомго бекитилсин.
2. Айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн долбоору 2019-жылга -6249,8 миң сом; 2020-жылга- 6570,2 миң сом; 2021-жылга -6847,7 миң сомго бекитилсин.
3. Айыл ѳкмѳтү дотацияда тургандыктан, ѳкмѳттүн аймагындагы мектеп, бала бакча жана башка бюджеттик мекемелерди коммуналдык жактан тейлѳѳдѳ жана башка чыгымдар менен камсыз кылуу үчүн ушул долбоордо бекитилген теңдештирилген грантты бѳлүп берүү жагы Ак-Талаа райондук финансы бѳлүмүнѳн, Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинен суралат.
Тѳрайымы: | Ж. Ажиева |