Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 24/1
“Кум-Дөбө айыл өкмөтү боюнча 9 айлык жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө”
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевдин 9 айлык жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 9 айлык аткарылышы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
-Киреше тармагы салыктардын жана жыйымдардын эсебинен аткарылышы: 14751,3 сом суммасында же 102,1 %
-Чыгымдар тармагы 12459.3 сом суммасында же 100 % аткарылышы.
2. Жыл аягына чейин жергиликтүү бюджеттин аткарылышына көзөмөлдүк кылып аткаруу жагы ФЭБ башчысы Б.Тажиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун толук аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңешинин экономика, финансы, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |