Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 24/2
“ЖПБнин төрагасы К. Жукешовдун аткарып келген иштери, салыгынын аткарылышы жана түзүлгөн келимдери жөнүндө”
Депутаттардын VI чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, ЖПБнин төрагасы К. Жукешовдун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун 2018-жылдын 9 айында аткарган иштериндеги келтирилген кемчиликтерден, сын-сунуштардан жыйынтык чыгарып, кийинки сессияга чейин толук отчёт маалымдуулугун берүү жагы эске алынсын.
2. ЖПБнен алынуучу жайыт салыгы кечеңдеп жаткандыгы, өз убагында малчылар менен түзүлгөн келишимдер аткарылбай, малдар так саналбай жаткандыктан тез аранын ичинде түзүлгөн комиссия болуп, айыл башчылар, салык инспекторлору, участкалык инспектор Т.Турпанбеков, ЖПБнин төрагасы К. Жукешов, эсепчиси Н.Керимбековдор уюшкандыкта иш аткаруу жагы эске алынсын.
3. 2018-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде, Кум-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын, айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү ЖОБОнун 4-бөлүмдүн 4-бөлүмчөсүн туура пайдаланбай, айрым чабандарга жазылган актылар аткарылбай жаткандыгы эске алынсын.
4. ЖПБнин төрагасы К. Жукешов, эсепчиси Н. Керимбековдор жогорудагы көрсөтүлгөн кемчиликтер аткарылбаса, жыл аягында жыйынтык чыгаруу жагы эскертилсин.
5. Кийинки жылга иш план түзүп, малчылардын расстановкасын, көчүп конуусун түзүү жагы белгиленсин.
Төрага | А. Өмүров |