Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 24/3
“Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 айлык салыктын түрлөрү боюнча чогулушу жөнүндө”
Депутаттардын VI чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адиси К.Абдыраимованын маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адиси К. Абдыраимованын 2018-жылдын 9 айында аткарган иштеринен айрым салыктын түрлөрүнөн аткарылбай жаткандыгы эске алынсын.
2. Жыл аягына чейин салыктын түрлөрүнөн, жайыт салыгын чогултууга, айыл башчылар, аппарат кызматкерлери, түзүлгөн комиссия менен бирдикте, айыл тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүздүрүп, аткартып көзөмөлдүк кылуу жагы ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун толук аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, финансы, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |