Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 24/4
“Айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык ишканалардын башчылары (Шамшы, Кум-Дөбө) М.Төлөнбековдун, Э.Токушовдун 2018-жылдагы аткарган иштери жөнүндө”
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, муниципалдык ишканалардын башчылары М.Төлөнбековдун, Э.Токушовдун 2018-жылдагы жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Шамшы айылындагы “Шамшы” муниципалдык ишканасынын башчысы Э.Токушовдун уюшулгандан берки аткарылып келген иштери “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Төлөнбековдун уюшулгандан берки аткарылып келген иштери “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
3. Айыл аймагындагы жаңы уюштурулган “Кум-Дөбө” “Шамшы” муниципалдык ишканалардын иштеген кызматкерлери, айыл башчылары менен бирдикте айылдардын толук учётун алуу айыл өкмөтүндөгү “Айыл” программасынын негизинде алуу, канча тургундарга үйүнө суу түтүкчөсү киргизилгендиги, алардан алынган каражат толук кириштегендигин тактоо боюнча, айыл өкмөтүндө комиссия курамы түзүлсүн.
4. Жалпы 1 жылда муниципалдык ишкананын өздүк бюджетине түшкөн кирешесин жана чыгашасын тактап, кийинки кезектеги сессияга отчёт маалыматын берүү жагы муниципалдык ишканалардын башчыларына, башкы эсепчилерине тапшырылсын.
5. Муниципалдык ишканалардын бюджетине түшкөн киреше, чыгашасы боюнча көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, башкы эсепчиси Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |