Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 24/5
“Айыл өкмөтүнүн башкы мал догдуру К. Нуркалиевдин профилактикалык иштеринин жүрүшү, ветеринардык тарифтин бекитилиши жөнүндө”
Депутаттардын VI чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башкы мал догдуру К.Нуркалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн айыл өкмөтүнүн башкы мал догдуру К.Нуркалиевдин жүргүзүп келген айрым кемчиликтерин эске алуу менен ишине “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Ар бир айылдарда иштеп жаткан вет. сервистин башчыларын жыл башында түзүлүп бекитилген иш пландын негизинде иш алып баруусуна, айылдарда ооруп калган малдары өз убагында анализге алып бардырып, жыйынтык чыгаруусуна, базарлардан сатылып келген малдардын так учётун алып тургандыгына, ооруп өлгөн малдарды “Яма Беккари” чуңкуруна салуусуна көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы мал догдуру К.Нуркалиевге милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагындагы айылдарда өтүлгөн малдарды идентификациялоо жана чекене баасын бекитүү боюнча айылдарда өткөрүлгөн 2018-жылдын 3-4-5-6- октябрь күндөрүндөгү жыйындын токтомдору бекитилсин.
4. Жогорудагы бекитилген тарифтен ашык алып, мыйзам бузуулар болуп, малдарга өз убагында профилактикалык иштер жүргүзүлбөй калса, айыл өкмөтүндө бекитилген ЖОБОнун негизинде жооп берүүсүн айыл өкмөтүнүн башкы мал догдуру К.Нуркалиевге, вет.сервис башчылары М.Исабековго, А.Акматовага, А.Актановага, Э.Казиевдерге эскертемин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырамын.
Төрага | А. Өмүров |