АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын Х сессиясы
2018-жылдын 17-октябры № 3
“ЖЧК Фортуна Коал” ишканасына Каз участкасынан убактылуу пайдаланууга 8.1 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагындагы “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 9 беренесинин Кыргыз Респибликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги №261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” ЖЧК “Фортуна Коал” ишканасынын жазган арызы боюнча агрардык туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги №261 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө” ЖЧК “Фортуна Коал” ишканасына убактылуу пайдаланууга “Каз” участкасынан 8.1га жер аянты бекитилип берилсин.
2. Коомдук угуулар өткөрүлсүн, Ак-Суу айыл өкмөтү менен жердин ижара жана соц. пакет бекитилсин ж.б. мыйзам ченемдүү иш-чаралар аткарылсын.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эшалиев |