Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 10/3
“Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуулары жөнүндө”
Назаралиев атындагы айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 10- сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселени Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн кайрылуулары жөнүндө угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
А) КРнын салык кодексинин № 339 -беренисинин 4-пунктунун негизинде 2019-2020-2021-жылдар үчүн зоналык коэффиценти 1,2 болуп бекитилсин .
Б) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун ишмердүүлүгүн сапаттуу жүргузүү үчүн 2018-жылга бир жылда бир жолу 1 сомдон төгүү жагын коомчулукка жеткирип алардын макулдугу менен бекитилсин.
В) Нарын айылындагы Т.Алымов көчөсүн реконструкциялоого жалпы сумманын 7% өздүк салымын б.а. 177 172 (бир жүз жетимиш жети миң бир жүз жетимиш эки ) сомду теңдөөчү грандка айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүп берилсин.
Г) Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Нарын айылындагы маданият үйүнүн айлана-тегерегин темир тосмо менен коргондоого жалпы сумманын 10 % өздүк салымын б.а. 77 000 (жетимиш жети миң)сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин 3111 статьясынын эсебинен бөлүп берилсин.
Д) “Таза Үч-Коргон” муниципалдык ишканасынын тейлөө боюнча коюлган тарифтерин Жалал-Абад областык монополияга каршы күрөшүү кызматы менен макулдашкандан кийин кийинки сессияга талкуулап киргизүү бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Е) Кыргыз Республикасынын 25-июнь 2004-жылдагы № 78 мыйзамына негиз “Үч-Коргон айылдык кеңеши”, “Назаралиев айылдык кеңеши”деп өзгөргөндүктөн Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн печатын жана күбөлүгүн Назаралиев айыл аймагынын Назаралиев айыл өкмөтү деп өзгөртүүгө жана алмаштырууга макулдук берилсин.КРнын өкмөтү тарабынан 2021-жылга чейин аталыштарды өзгөртүүгө моротория жарыялангандыгына байланыштуу 2021-жылдан кийин жогорудагы аталышты өзгөртүү жалпы элдик кароого коюлсун.
Ж) Үч-Коргон Шамалды-Сай трассасынан бурулган айыл өкмөтүнүн карамагындагы бак менен орус мүрзөнүн ортосунда жайгашкан 2000 кв м жер тилкеси кондитердик цех курууга,ошол эле жолдогу ГДН заводуна кеткен жолдун күн батыш тарабында жайгашкан 3000кв.м жер тилкесине автоунааларга техникалык кызмат көрсөтүүчү жай (СТО) курууга жер аянты аукционго коюу менен КРнын өкмөтүнүн № 571 –токтомунун негизинде иш алып баруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
З) Айыл өкмөтүнүн балансасында турган 480 кв.м жер лимонад чыгаруучу цехти сатуу убактылуу токтотулсун, Айыл өкмөт конкреттүү сунуштары менен кийинки сессияларга кайрылсын
К) Айыл өкмөтүнүн 9,0га көп жылдык багын ижарага конкурстук тартипте берилүүсүнө макулдук берилсин жана айыл өкмөтү конкурстун шарттарын иштеп чыксын.
Л) - Айыл өкмөтүнүн элдүу конуштарынан чыккан таштандыларды таштоочу 2,49га палигонду жакынкы жайыт категориясынан башка багыттар категориясына өзгөртүүгө,
- Жар-Башы участогундагы кирпич заводунун жерлерин жакынкы жайыт категориясынан өнөр жай категориясын өзгөртүүгө.
- Кум айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы Жел-Тийбес участогунан “Тай-Казан” аянтчасы үчүн ажыратылган жерди жакынкы жайыт категори ясынан башка багыттар категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Жыл-Кол көпүрөсү мурда баланста болбогондугуна байланыштуу көз карандысыз баалоочунун белгилеген 759976 (жетижүз элүү тогуз миң тогуз жүз жетимиш алты )сомдук баада айыл өкмөтүнүн балансына алууга .
- Кызыл-Жар-1 дыйкан чарбасынын элдик чогулушунун 21.07.2018-жыл № 5 токтомунда белгиленгин Кызыл-Жар-1 дыйкан чарбасынын техникалар туруучу гаражын чарбанын айыл чарба багытында эмес салыктардан болгон 385931 ( үч жүз сексен беш миң тогуз жүз отуз бир )сом карызын төлөп берүү шарты менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
Төрага | А.Эшалиев |