Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-октябры № 10-1
«Таштак жана Кызыл-Сеңир айылдарынан социалдык объектилерге жер ажыратууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Таштак жана Кызыл-Сеңир айылдарынын жашоочулары менен айыл өкмөттүн жер комиссиясынын биргеликте өткөргөн отурумунун 2018-жылдын 12-октябрындагы протоколун негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси А.Сулаймановдун маалымат угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштак айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун сугат жеринен2,3 га жер аянты Талаа-Булак айылына жана Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасынын жаңы конуштарына таза суу системасын орнотуу үчүн 2 (Эки) даана скважина курууга жана жаштарга спорт зал курууга жер берүүгө макулдук берилсин.
2. Кызыл-Сеңир айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун сугат жеринен 0,10 га жер аянты Кызыл-Сеңир айылынын жашоочулары үчүн таза суу скважинасын курууга жер берүүгө макулдук берилсин.
3. Мыйзам негизинде скважина куруу үчүн жерди тактап ажыратып берүү жагы, керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев |