КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги онунчу сессиясы
2018-жылдын 19-октябры № 10-2
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 9 айына кошумча түшкөн кирешени зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде “Пайдалуу кендер чыккан жерлерди же казып алынган отундарды иштетүүдөн акы төлөө” салыгынан 2018-жылдын 9 айына кошумча түшкөн 1740,0 миң сом кирешени зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн сметага өзгөртүү киргизүү боюнча ФЭБ башчысы Г.Нуруеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак, Талаа-Булак, Орто-Азия жана Мундуз айылдарына жарыктандыруу системаларын коюу үчүн 170,0 миң сом, Жаңы-Ачы айылына таза суусуна түтүк жана мотор алуу үчүн 200,0 миң сом, жолго шагыл төгүп оңдөө үчүн 100,0 миң сом, Көк-Булак участкасына электр трансформатор алуу үчүн 150,0 миң сом, электр зымдарын тартуу үчүн 100,0 миң сом, Ак-Баш айылына электр трансформатор алуу үчүн 150,0 миң сом, Кара-Көл, Ак-Булак айылдарынын жолуна шагыл төгүү үчүн 360,0 миң сом, Кызыл-Сеңир айылына скважинанын айланасын тосуу үчүн 50,0 миң сом жана жаңы курулган ФАПка эмеректерди алуу үчүн 50,0 миң сом, Кызыл-Сеңир- Таштак айылынын жолдорун оңдоо үчүн 285,0 миң сом, аппарат бөлүмүнө сапар чыгымдары үчүн 15,0 миң сом, өзгөчө кырдаалдар үчүн 70,0 миң сом, элге социалдык жактан колдоо үчүн 40,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Билим берүү бөлүмүнүн “Машиналар жана жабдуулар” беренесинен 60,0 миң сом акча каражаты “Электр энергия төлөмү” беренесине акча каражаты жетишсиз болгонуна байланыштуу 60,0 миң сом акча каражаты жылдырылсын.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго жана ФЭБ башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев |