Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 3-ноябры № 189
Жер салыгын 15 % ке жогорулатууну сураган салык боюнча айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин арызы жөнүндө”
Финансы ,экономика ,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып ,талкуулап , «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,
Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер салыгын 15 % ке жогорулатууну сураган айыл өкмөтүнүн салык боюнча жетектөөчү адисинин арызы канааттандырылсын.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жер салыгын 15 % ке жогорулатууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |