Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-апрели № 7/4
“ЭлБат Энерджи” ЖЧКнын жетекчиси Б.Ж. Ашыралиевдин сунуш катын кароо жөнүндө”
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, “ЭлБат Энерджи” ЖЧКнын жетекчиси Б.Ж.Ашыралиевдин сунуш катын, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ЭлБат Энерджи” ЖЧКнын жетекчиси Б.Ж.Ашыралиевдин сунуш каты канааттандырылсын жана кичи ГЭС куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 92- беренесине негизденип төмөнкү контурдагы 0,80га жер узак мөөнөттүү ижарага берилсин.
№ к/к | Контурдун № | Жердин түрү | Иликтенген аянты |
1 | 194 | Таштар | 0,54 |
2 | 192 | Турук дарыясы | 0,03 |
3 | 208 | Таштар | 0,01 |
4 | 207 | Аска-Зоо | 0,22 |
| Жалпы аянты | 0,80 га | |
2. Токтомдун аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Шерматовго милдеттендирилсин
Төрага | Жунус уулу Илязбек |