Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 9/2
“Керме-Тоо айыл аймагында кызмат өтөөдө мал уурулукту алдын алуу, көчө кылмыштарын ж.б. аткаруу максатында аймактык ыйгарым өкүлдөрүнө бирден ат алып берүү жөнүндө”
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча Керме-Тоо айыл аймагында кызмат өтөөдө мал уурулукту алдын алуу, көчө кылмыштарын ж.б. аткаруу максатында аймактык ыйгарым өкүлдөрүнө бирден ат алып берүү жөнүндө Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ж.Э. Абитовдун сунушу менен таанышып чыгып, кызуу талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Керме-Тоо айыл аймагында кызмат өтөөдө мал уурулукту алдын алуу, көчө кылмыштарын ж.б. аткаруу максатында аймактык ыйгарым өкүлдөрүнө бирден ат алып берүү жагы бюджеттин тартыштыгынан кийинки жылдарга калтырылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Жунус уулу Илязбек |