Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 9/3
“Араван району боюнча жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкерлерин керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу жөнүндө”
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким К.Г. Айтибаевдин сунушу менен таанышып чыгып, кызуу талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Араван району боюнча жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкерлерин керектүү жабдуулар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүлсүн.
2. Токтомду аткаруу жагы ФЭБ башчысы А. Рысбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |