Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 9/4
“Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол участкасындагы № 302 контурдагы тегирмендин жанындагы 0,70 га айыл чарба багытына ыңгайсыз калктуу конуштун ичиндеги жана Бирлик участкасындагы №207 контурдагы 0,50га айыл чарба багытына ыңгайсыз калктуу конуштун ичинде жайгашкан жер тилкелерине ген планы тастыктап берүү жөнүндө”
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Шерматовдун билдирүүсү менен таанышып чыгып, кызуу талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Жаңы-Жол участкасындагы №302 контурдагы тегирмендин жанындагы 0,70 га айыл чарба багытына ыңгайсыз калктуу конуштун ичиндеги жана Бирлик участкасындагы №207 контурдагы 0,50га айыл чарба багытына ыңгайсыз калктуу конуштун ичинде жайгашкан жер тилкелерине ген планы тастыктап берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Шерматовго милдеттендирилсин
Төрага | Жунус уулу Илязбек |