Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 9/4-2
“№48 “Гүлбаар” орто мектебине күз-кыш мезгилин өткөрүү үчүн кошумча 10 (он) тонна көмүр кошуу жөнүндө”
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча № 48 “Гүлбаар” орто мектебинин спорт залы, ашканасы бүткөндүктөн күз-кыш мезгилин өткөрүү үчүн кошумча 10 (он) тонна көмүр керектиги жөнүндө арызы менен таанышып чыгып, кызуу талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №48 “Гүлбаар” орто мектебине күз-кыш мезгилин өткөрүү үчүн кошумча 10 (он) тонна көмүр берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Рысбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |