Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11- август № 11/1
«Пэрити Коал» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Б. Примовдун арызын кароо жөнүндө”
Керме-Тоо айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары “Пэрити Коал” жоопкерчилиги чектелген коомунун Кекликтоо акиташ кенинин Восточный флангысын казып алуу боюнча жазган 02.08.2018-ж. №197 сандуу арызынын жана Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитети тарабынан берилген № 5916 ТЕ номерлүү лицензиясын карап, талкуулап чыгып Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Пэрити Коал” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитети тарабынан берилген № 5916 ТЕ номерлүү лицензиясынын негизинде Керме-Тоо айылдык аймагынын Кеклик-Учар участкасынан 115,1 га жер аянты 2037-жылдын 11-апрелине чейин пайдаланууга макулдук берилсин.
2. 115,1 га жерден акиташ кенин казып алуудан түшкөн салыктардын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык Керме-Тоо айылдык өкмөтүнүн казынасына төгүлсүн.
3. Ушул жогорудагы көрсөтүлгөн пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү жана жер казынасын пайдаланууда инфраструктура объектилерин куруу үчүн зарыл болгон 115,1 га жер участогун, жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензия мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга берүү иштерди жүргүзүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Гулжигитовго милдеттендирилсин.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |