Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11- август № 11/3
«Чөгөм айылынын айыл башчысы Кудайберди уулу Жуманазардын арызын кароо жөнүндө”
Керме-Тоо айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары Чөгөм айылынын айыл башчысы Кудайберди улуу Жуманазардын ҮДТнын айланасын тосуу, көмүркана жана ажаткана куруу жөнүндөгү жазган арызын карап, талкуулап чыгып Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чөгөм айылындагы ҮДТ нын айланасын тосуу көмүркана жана ажаткана куруу үчүн чакан долбоор даярдалсын.
2. Долбоорду даярдоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.К. Мурзаевге милдеттендирилсин
3. Бул токтомду аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.М. Шерматовго тапшырылсын.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |