Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11- август № 11/6
«Чөгөм айылынын Чоң Тектир жана Кичи Тектир участкаларына ичүүчү таза суу алып келүү жөнүндө”
Керме-Тоо айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары “Чөгөм” айылынын тургуну Ысаков Арипжан Касымовичтин арызын карап чыгып Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Чөгөм” айылынын тургуну Ысаков Арипжан Касымовичтин арызы канааттандырылсын жана Чөгөм айылынын Чоң Тектир жана Кичи Тектир участкаларына ичүүчү таза суу алып келүү үчүн № 23-17 контурдан №2-14 контурга чейин узуну 1320 метр, туурасы 1 метр жана суу сактоочу кампанын жер аянты менен жалпы аянты 0,20 га жер ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.М. Шерматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |