Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9- октябры № 10/1
“Керме-Тоо айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы жана 2018-жылда аткарылуучу иш чаралар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө”
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча Керме-Тоо айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы жана 2018-жылда аткарылуучу иш чаралар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө маалымат менен таанышып чыгып, кызуу талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. К. Мурзаевдин маалыматы канаатандырылсын.
2. Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоордун ишин мындан ары алып кетүү жагы башчынын орун басары А.К. Мурзаевге ташырылсын.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |