Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9- октябры № 10/5
«Синьжи-Пирим» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Б. Примовдун арызын кароо жөнүндө”
Керме-Тоо айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары “Синьжи-Пирим” жоопкерчилиги чектелген коомунун “Кекликтоо” топурак кен чыккан жеринен, кен казып алуу боюнча жазган 26.09.2018-ж. №268 сандуу арызынын жана Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитети тарабынан берилген № 5945 ТЕ номерлүү лицензиясын карап, талкуулап чыгып Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Синьжи-Пирим” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитети тарабынан берилген № 5945 ТЕ номерлүү лицензиясынын негизинде Керме-Тоо айылдык аймагынын Кеклик-Учар участкасынан 44,4 га жер аянты 2037-жылдын 02-майына чейин пайдаланууга макулдук берилсин.
2. 44,4 га жерден топурак кенин казып алуудан түшкөн салыктардын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык Керме-Тоо айылдык өкмөтүнүн казынасына төгүлсүн.
3. Ушул жогорудагы көрсөтүлгөн пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү жана жер казынасын пайдаланууда инфраструктура обөектилерин куруу үчүн зарыл болгон 44,4 га жер участогун, жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензия мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга берүү иштерди жүргүзүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Гулжигитовго милдеттендирилсин.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |