Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9- октябры № 10/6
«№ 5340 Гулбаар, № 5341 Керме-Тоо участкалык шайлоо комиссияларына мүчөлүгүнө, резервине талапкерди көрсөтүү жөнүндө»
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселелерди карап, кызуу талкуулапчыгып “Алимбек” дыйкан чарбасынын жалпы чогулушунда 2018-жылдын 1-октябрдагы № 2 токтомун жана “Мырза-Калпа” дыйкан чарбасынын 2018-жылдын 3-октябрындагы № 3 токтомдорун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн № 5340 Гүлбаар УШКсына мүчөлүгүнө, резервине “Алимбек” дыйкан чарбасынын жумушчусу Умаралиева Ёркинай Махаматовна 1980-жылы туулган, улуту кыргыз, билими жогорку “Алимбек” дыйкан чарбасынын 2018-жылдын 1-октябрындагы “ 2 токтому менен сунушталган токтому бекитилсин жана № 5340 Гулбаар УШКага мүчөлүгүнө, резервине бекитилсин.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн № 5341 Керме-Тоо УШКсына мүчөлүгүнө, резервине “Мырза-Калпа” дыйкан чарбасынын жумушчу Алиев Акмалжан Захиджанович 1983-жылы туулган, улуту өзбек билими орто “Мырза-Калпа” дыйкан чарбасынын 2018-жылдын 2-октябрындагы № 3 токтому бекитилсин жана № 5341 Керме-Тоо УШКага мүчөлүгүнө резервине бекитилсин.
3. Токтомдон көчүрмө Араван райондук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага | Жунус уулу Илязбек |