Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-октябры № 01-8/40
“Баткен шаарынын мэриясы, ЕБРР тарабынан каржыланган “Баткен шаарындагы таза суу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорун жүзөгө ашырууда аткарылган жумуштар жөнүндө”
2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмотү менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Баткен шаарындагы таза суу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” жөнүндө насыялык макулдашууга жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасынын, Баткен шаарынын мэриясынын, Таза суу муниципиалдык ишканасынын жана ЕБРРдин ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 8-июлунда № 106 Мыйзамы менен ратификацияланган. Суб-кредиттик макулдашуу 2016-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги жана Баткен шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн. Жогорудагы документтердин негизинде аталган долбоор жүзөгө ашырыла баштаган.
Макулдашууда каралгандай долборду баштоодо ЕБРР тарабынан атайын техникалык грант каралып долборду жүзөөгө ашырууну банктын талабына ылайык аткарууда жардам берүү үчүн эки консультациялык компанияны тандоо каралган. Ал компаниялар тендер аркылуу тандалып 2016-жылдын ноябрь айында келишимге кол коюлуп өз жумуштарын баштаган.
Аим Техас компаниясы долборго техникалык тараптан көмөк көрсөтүп долбордун проект сметалык документтерин, тендердик документтерди даярдоо, курулуш башталган учурда техникалык тараптан көзөмөлдөө жана долбордун ийгиликтүү аякташына жооптуу болуп каралган.
Гидроплан компаниясы Таза суу муниципиалдык ишканасынын корпоративдик өнүктүрүү программасы, социалдык тараптан жардам көрсөтүү жана кызыкдар тараптардын долборго катышуусун камсыз кылуу максаты коюлган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамалекеттик агенттиги калктуу конуштарда суу менен жабдуу жана канализация жаатында бирдиктүү мамалекеттик саясатын иштеп жана ишке ашырылышына жоопкечиликтүү болуп бекитилген. КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24- июнундагы №372 токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-февралындагы №77 токтомуна ылайык “Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги” долбоорду аткарууда Өкмөтүн расмий өкүлү болуп дайындалган
Долбоор боюнча негизги жумуштар 2017-жылдын баштап башталып, биринчи кезекте аталган долбоор боюнча проект сметалык документтерин даярдоо маселеси талкууланган. Анда долбоорду жүзөгө ашырууда бөлүнгөн акча каражатты эффективдуу пайдалануу жана калкты суу менен камсыздоону жакшыртуу талабы каралган. Талкуу Баткен шаарынын Мэриясынын алдында атайын адистерден түзүлгөн консультативдик кенешменин мүчөлөрүнүн кароосуна коюлуп талкуу жүргүзүлгөндөн кийин, кабыл алынган жыйынтык шаардык Кенештин депутаттарынын кароосуна сунушталган. Мурда даярдалган ТЭОну дагы бир ирет деталдуу түрдө анализдеп анда шаардагы пайдаланып жаткан суу проводдорун ремонттоо негизги жумуш катарында кабыл алынганы жакшы натыйжа бербей калышы эске алынып, эгерде шаар жетекчилиги ушул максатта жаны долбоор жасатпаганда анда шаар калкы мурда жүзөгө ашырылган АБР жана АРИС долбоорлору сыяктуу эффект бербей каражат максатсыз пайдаланып калаары белгиленди. Ошондуктан адистер шаардын калкы жыш жайгашкан(2200 кожолук) зонаны алып приоритеттик зона деп эсептеп, ал жердеги суу системасын толугу менен жаңылап суу счетчиктерин орнотуп элге 24 саат суу берүү маселеси жактырылды. Мындан сырткары Баткен шаарына суу алуучу Сары Таш участкасын толук реабилитациялоо керектиги аныкталды, эгерде аталган суу алуучу жер жакшы ондолсо анда шаардын калкын жок эле дегенде 8 ай электр энергия пайдаланбай (насостор, скважина) суу менен камсыздоо болору планга коюлган.
Долборду жүзөгө ашыруу үчүн эки тараптуу макулдашууга ылайык ЕБРР тарабынан төмөнкү шарттарды аткаруу каралган:
- Таза суу ишкансынын Уставы жана юридикалык бүтүмү —аткарылган (2017 жыл)
- Мэриянын Уставы жана юридикалык бүтүмү -- аткарылган( 2017 жыл)
- Юстиция Министринин юридикалык бүтүмү - Министр кол койбой кечиктирип келген, 2018-жылы февралда кол коюлган( 1 вице- премьердин 7-феврвль 2018-жылда атайын протоколдук тапшырмасы чыккандан кийин гана кол коюлуп ЕБРРге жонотулгон) .Ошонун натыйжасында ЕБРР тарабынан 2018-жылдын 28- мартында гана долбоор эффективдүү деп эсептелип кезектеги жумуштарды аткарууга мүмкүдүк болду.
- Мэриянын алдында ГРП (долборду жүзөөгө ашыруу тобун) түзүү —түзүлгөн (2016 жыл)
- Суу пайдалануу тарифин 30 пайызга жогорулатуу – аткарылган (май 2017-жыл)
- авторизации подписи --аткарылган (2018 март, кечиккен себеби Минюстун юридикалык бүтүмү ЕБРР тарабынан кабыл алгандан кийин тапшырыла турган документ)
- Таза суу ишканасы менен саркынды сууларды кароочу мекемелердин бириктирүү (аткарылган 2016 жыл)
- долборду жүзөгө ашырууда техникалык колдоо жана корпоративдик өнүктүрүү компаниялары тандалып келишимдерге кол коюлган ( 2016 жыл ноябрь)
Аим Техас компаниясы менен чогуу сатып алуу планы түзүлдү жана ал ЕБРРге жөнөтүлүп макулдук алынган. Сатып алуу планына ылайык долборду аткаруу жалпысынан төмөнкүдөй компоненттерге бөлүнгөн:
1. Таза суу ишканасы үчүн керектүү техникаларды жана жабдууларды сатып алуу
2. Таза суу ишканасы үчүн имарат салуу лабороториялык бөлмөлөрү менен чогуу
3. Суу системасын жана саркынды суулардын линиясын курулушу (эң негизги компонент)
Жогорудагы жумуштар менен кошо сатып алуу планына ылайык жумуштар аткарыла баштаган:
1. Таза суу ишканасы үчүн техникаларды жана жабдыктарды сатып алуу боюнча тендердик документтер Аим Техас компаниясы менен чогуу даярдалып ЕБРРге макулдашууга 2017-жылдын 28-апрелинде жөнөтүлгөн, ЕБРР тарбынан 14-июль 2017-жылы бекитилип тендер жарыяланды.
- 12 сентябрда 2017-жылы тендердик документтерди ачуу күнү белгиленген , бирок тендерге бир компания катышып ал бир лотко гана документтерин жиберген, ошондуктан кайрадан тендер өткөрүүгө чечими кабыл алынып тендер боюнча отчет 2017-жылдын 19-сентябрында ЕБРРге жөнөтүлгөн. Кайра тендер өкөрүүгө уруксат берүү жөнүндө. Мэрия тараптан жана Аим Техас компаниясы тарабынан бир топ жолу кат жазуулар болду.
- ЕБРРге отчету карап кайра тендер өткөрүү уруксат берүү үчүн кайрылуулар болгон, алар 28-сентябрь,4 жана 11- октябрь, 1- жана 13- ноябрь 2017- жылы, 4- февраль 2018 жыл. Бирок ЕБРР тарабынан убагында жооп берилбей келген, жардам берүү максатында Суу боюнча департамент башчысы Токтошевке жана каржы министрлигине да кат жазганбыз.
- ЕБРР карап уруксатты 14- февралда 2018- жылы берди
16- февралда 2018- жылы кайрадан тендер жарыяланды. Тендердик документтерди ачуу 2018- жылдын 3- апрелинде болду. Натыйжада 20 компания тиешелүү тендердик документтерди алып алардын ичинен 6 компания өз сунуштарын тапшырып тендерге катышты. Бирок алардын берген сунуштары кээ бир лото бюджеттен ашып кеткен жана техникалык талаптар боюнча туура келбеген жактары болду ошондуктан дагы кайрадан тендер өткөрүү же катышычуулар менен кат аркылуу тактоо менен иш алып баруу каралган.
2018-жылдын 30-августунда өз ара аудио конференция аркылуу ЕБРРдин сатып алуу боюнча адиси , Аим Техас компаниясы жана Мэрия, Таза суу ишканасы ортосунда суйлошүү болду жана маселе жакынкы күндөрү бир тарапка чечилет.
2.Таза суу ишканасы лабороториясы менен курула турган имарат учун тендердик документтер ЕБРРге 2018- жылдын 5- январында жөнүтүлгөн, бир нече өзгөртүүлөрдөн кийин тендер апрелде жарыя болуп , тушкон тендердик документтерди ачылышы 2018- жылдын 6 -июнуна белгиленген. Тендерге 6 компания катышып оз сунуштарын беришти. Катышкан компаниялардан тушкон маалыматтарды Аим Техас компаниясы менен чогуу карап тиешелуу баалар берилип откорулгон тендер боюнча отчетту бекитип берилишин ЕБРРге 2018- жылдын 28- июнунда жонотулгон. ЕБРРдин окулуно бир нече ирет кайрылып тездетуу жагы суралды. ЕБРРден отчетту бекитуу тууралуу маалымат 2018-жылдын 30-августунда келди.Азыр консультанттар тиешелуу документтерди даярдоодо натыйжада сентябрдын ичинде женген подрядчы менен контракт тузулуп жумуш башталат.,
3. Ал эми калган компоненттер: приоритеттуу зона учун жалпы суу системасы Сары таш суу алуучу жай менен кошо , канализация жана Четбулак участкасы учун жаны суу скважинсын казууа жана 1000 куб м суу кампасы боюнча тендердик документтер 25 августта англис тилинде жана 3-сентябрда орусчага которулуп келди. Бул документтерди Аим Техас компаниясы тарабынан бизге таанышып макулдук беруу учун келди. Биз адистер менен карап анан сунушту ЕБРРге 6-сентябрда жоноттук, ЕБРР дин сатып алуу адиси тендердик документтерди текшерип бир аз озгортуу сунушталды аларды Аим Техас компаниясы ондоп жакынкы кундору тендерге жарыя берилет.
Гидроплан компаниясы Таза суу муниципиалдык ишканасынын корпоративдик онуктуруу программасы, социалдык тараптан жардам корсотуу жана кызыкдар тараптардын долборго катышуусун камсыз кылуу максаты коюлган. Гидроплан компаниясы алгач Таза суу ишканасынын аткарып жаткан иштерин финансы чарбалык абалын толук анализдеп чыгышты. Бул компания Таза суу ишканасы менен биргеликте томонкудой жумуштарды аткарышты.
- Ишкананын объектилерине менчик укук документтерин даярдоо , мамлекеттик менчик укук актыларын алуу, техпаспортторду даярдоо.( скважиналар учун, суу алуучу жайлар, саркынды сууларды иштетүүчү объектилер ж.б.)
- Таза суу ишканасынын адистеринин билимин жогорулатуу окутуу семинарларын өткөрүү практикалык жардам көрсөтүү
- Коомчулук менен иштөөдө Консультативдик Кенешмени түзүү, Суу пайдалануучулар комитетин түзүү жана алар менен биргеликте жер жерлерде элдерге долбордун максатын түшүндүрүү
- Ишкананын бухгалтериясын эл аралык стандартка откоруу 1С МСФО
- Билинг системасын орнотуу жана иштетүүгө көмөктөшүү булар боюнча Гидроплан атайын фирмаларды тандап программаны орнотуу жана окутууларды адистер учун жүргүздү.
- Бухгалтерия жана билинг боюнча жумуштардын аткаруу мөөнөтү кечеңдеп жүрбөй калган учурда тиешелүү жүйөлөрдү коюп долбоордун жетекчиси алмаштыруу талап кылдынды. ЕБРР колдоп жетекчи алмашкандан иш бир алдыга жылды жана натыйжа бере баштады. Азыр ишкананын адистери жакшы эле өздөштүрүп калды ошондой болсо да Гидроплан тарабынан жардам көрсөтүлүп турат.
- Таза суу ишканасы боюнча 2015-2016-жылдар учун аудит өткөрүлүп бир топ кемчиликтер аныкталды жана аларды жоюу боюнча сунуштар берилген.
- Таза суу ишканасы берилген жардамдын натыйжасында Баткен шаардык мэриядан берилүүчү субсидядан 2018-жылы чыгарылды.
- Таза суу ишканасы үчүн жаны структура сунушталды жана башкаруу системасын жакшыртуу маселеси каралды
Гидроплан компаниясы негизги жумушу Таза суу ишканасын деңгелин көтөрүп өзүн өзү каржылоого толук өткөрүү жана ЕБРР тарабынан берилген кредитти кайтарууга өз салымын кошуу, бизнес план иштеп чыгуу , абономенттер менен келишим түзүү жана базага киргизүү, өндүрүлгөн суунун жоготууларын азайтуу, пайдаланган суу боюнча жыйымдарды жогорулатуу окшогон жумуштар жүрүүдө.
2.Долборду аткаруунун кечигүү себептери :
- ЕБРР менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы макулдашууда каралган талаптарын аткарууда Кыргыз Өкмөтү, Жогорку Кенеш жана тиешелүү Министрликтер тарабынан кароо мөөнөттүрдүн узарып кетиши.
- Баткен шаардык Мэриясы менен Таза суу ишканасы тарабынан кээ бир маселелерди чечүүдө убакыттын талап кылынышы (тариф которуу антимонополия өкүлчүлүгү менен иштоо, АПУ менен ИТУ топографиялык документеррди даярдоо долборлоо учун, Техникалык шарттарды алуу, Экология, Өрт башкармалыгы ж.б. ишканалардан жыйынтык бүтүмдөрдү алуу)
- ТЭОго кээ бир өгөртүүлөр киргизилишин макулдашуулар болгон ошонун натыйжасында долборлоо жумушунун убакыты созулушу
- ЕБРРге жөнөтүлгөн документтер борбордук офисиндеги адистер тарабынан жооптордун кечигип келиши
- Аим Техас компаниясы тарабынан долборлоо жумуштарын сапаттуу даярдоо жана ар бир бөлүктөрү боюнча чогуу талкуу жасап өзгөртүүлөрдү убагында кароо бир топ убакыттын талап кылды.
3. Долбоорду толук аяктоо учун алдыга коюлган пландар.
Долбоордун азыркы кундогу аткарылган жумуштарды эсепке алып томонкудой пландарды аткаруу талабын койдук.
Долбоордо каралган жалпы 4 млн евро каражаттын 2019-жылда 3,2 млн евро өлчөмүндө жумуштарды бүткөрүү пландалды анын ичинен 1920 000 евро грант, 1280 000 евро кредиттик каражат. Калган 800 000 евролук жумуштарды 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында буткоруп долбордун 1-фазасын толук аяктоону камсыз кылабыз.
Баткен шаар мэриясы тарабынан долбоордо каралган кредиттик насыянын кайтаруу мөөнөтү келип ,кайтаруу аракеттери кыйынчылык жаратууда.
Маалым болгондой кредиттик макулдашууга ылайык 2018-жылдан баштап кредитти кайтаруу мөөнөтү каралган. Быйылкы жылы кайтарыла турган кредиттин суммасы 10 млн сомду түзүүдө жана субкредиттик келишимдин негизинде каржы министрлигинин алдындагы бюджеттик кредиттерди башкаруу мамлекеттик агентигинен пайдаланбаган кредит учун 1,5 млн сом төлөө боюнча кат келген. Жумуш башталбай жатып кредитти кайтаруу шаардык кенештин депутаттары жана шаардын калкы тарабынан наразылыктар пайда болууда. Ошондуктан Кыргыз Өкмөтүнүн каржы министрлиги тарабынан 2018-жылга каралган кредиттик сумманы кайтаруу боюнча жардам көрсөтүүнү сурануу керек.
Долборду жүзгө ашырууну тездетүү максатында ЕБРР менен тыгыз иштеп, биз тараптан кайрылган маселелердин убагында чечилишине көмөк көрсөтүүнү Өкмөттөн жооптуу өкүлүн дайындап берүү шарт. Себеби ЕБРРдин процедурасына ылайык ар бир документке алардан макулдук кат алынбаса жумуш алдыга жылбай токтоп тура берет экен, жогоруда тендердик мөөнөттө кечигиши ошого далил. Ошондуктан Кыргыз Өкмөтүнүн жооптуу өкүлү ЕБРР менен сүйлөшүп кечигип жаткан маселелерди чечүүнү суроо туулуп жатат. Жогорудагыларыдын негизинде Баткен шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Баткен шаарынын таза суу жана канализация тутумдарын реблитациялоо” долбоорун пландуу графигине ылайык аткаруунуну тездетип берүүнү ЕБРРдин долбооруна жооптуу өкүлдөрү менен сүйлүшүүлөрдү жүргүзүп, көзөмөлгө алып берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
2.Долбоордун графигине ылайык 2018-жыл үчүн кредиттик кайтарымды төлөөгө жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына жана долбоор башталбай жаткандыгына байланыштуу, кайтарымды төлөөгө КР каржы министрлигинен суроо жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3.ЕБРРдин долбоору менен “Баткен шаарынын таза суу жана канализация тутумдарын реаблитациялоо” долбоорун талапка ылайык бүткөрүү үчүн шаар жетекчилигинен жана тиешелүү адистерден керектүү болгон иш аракеттер кыйшайуусуз аткарылууга алынсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |