Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-октябры № 01-8/39
«Баткен шаардык жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө» 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынн 2016-жылдын 16-майындагы Бюджеттик Кодексинин 13-беренесине ылайык Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаары боюнча АРИС программасынын долбоорлоосу менен жалпы суммасы 5794856 сомдук долбоорду колдоо үчүн долбоордун 25% жергиликтүү бюджеттен 1667812 сом акча каражаты, ММД 2018-жылга каралган 2215 “Ар түрдүү кызмат көрсөтүү” статьясынан бөлүнүп берилсин.
2.Баткен шаардык бириккен аскер комиссариатынын 2224 “көмүрдү сатып алуу” статьясындагы 40,0 мин сом акча каражаты, 2231 “коммуналдык чыгымдар” статьясына электр энергиясы үчүн 40,0 сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |