Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-майы № 71
«Суу Башы айылындагы Сумбула дарыясынын жээгине таштак жерди ѳздѳштүрүп бак дарак тигип кѳрктѳндүрүү үчүн уруксат сурап кайрылган жарандарга макулдук берүү жѳнүндѳ»
Суу Башы айылындагы Сумбула дарыясынын жээгине таштак жерди оздоштуруп, бак дарак тигип, корктондуруу учун уруксат сурап кайрылган жарандарга макулдук беруу жонундо Суу Башы айылынын айыл башчысы Д.Бекмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Суу айыл аймагынын, Суу Башы айылынын айыл башчысы Д.Бекмуратовдун берген билдирүүсү көңүлгө алынсын . (билдирүү тиркелет)
2. Суу Башы айылындагы Сумбула дарыясынын жээгине бош таштак жерди оздоштуруп, бак дарак тигип корктондуруу учун, уруксат сурап кайрылган Суу Башы айылынын тургундары 7 (жети) жаранга (тизме боюнча) макулдук берилсин.
3. Бул чечимдин аткарылышын камсыз кылуу жер боюнча башкы адиси А.Бабаевке, көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык Кенешинин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А.Саматов |