Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-майы № 72
«Ак-Суу айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдарды идентификациядан өткөрүү үчүн операторго эмгек акы төлөө жөнүндө»
Ак-Суу айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдарды идентификациядан өткөрүү, малдарды базага түшүрүү, сатылган, өлгөн, союлган малдарды базадан чыгаруу үчүн операторго эмгек акы төлөө жөнүндө Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн вет. инспектору А.Маматкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн вет. инспектору А.Маматкуловдун билдирүүсү көңүлгө алынсын .
2. Ак-Суу айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдарды идентификациядан өткөрүү, малдарды базага түшүрүү, сатылган, өлгөн, союлган малдарды базадан чыгаруу үчүн 2018-жылга операторго 4000 (торт миц) сомдон айына эмгек акы төлөнүп берилсин.
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А.Саматов |